20.10.2018 12:35

КСДП: Икрамжан Илмияновду шоу менен кармашкандары түшүнүксүз болууда

  Икрамжан Илмияновго-иш (2 материала)
КСДП: Икрамжан Илмияновду шоу менен кармашкандары түшүнүксүз болууда

КСДП партиясы экс-президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун кармалышы боюнча комментарий берди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, КСДПнын өкүлдөрү Илмияновдун жубайы менен байланышканда, алардын үйүнө УКМКга тергөөгө чакырган эч кандай билдирүү келбегенин жана жолдошу эч кимден жашынбаганын айткан.

«Жубайына эч ким чалбаптыр. Икрамжан Илмияновдун шоу менен кармашкандары түшүнүксүз болууда. Анын Казанда жүргөндүгү боюнча маалыматтар ЖМКларда мурда деле жарыяланып жүргөн. Тергөө иши саясий жактан боёктолбош керек. Калыс жана адилеттүү, ошону менен катар кайсы бир күчтөн көз карандысыз тергелиши керек»", - деди Жолдубаева.